Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо чет мамлекеттерде 57 тилке ачылат

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо чет мамлекеттерде 57 тилке ачылат. Бул тууралуу БШКнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Арсланбек Үмөталиев билдирди.

 

Анын айтымында, алдын ала түзүлгөн план боюнча, дүйнөнүн 28 мамлекетинин 57 шаарында участоктор жайгашат.

 

Жаңы тилкелер Казань, Краснодар, Самара, Хабаровск, Томск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталия жана Кальяри шаарларында ачылат деп күтүлүүдө.

 

Эске салсак, парламенттик шайлоолор 28-ноябрда өтөт.