Чүй облусунун Кашка-Суу айылында 100 орундуу мектеп ачылды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылында 100 орундуу мектеп ачылды. Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышты.   Мектептин курулушуна 49 миллион 350 миң сом жумшалды. Каражат атайын эсептен бөлүнгөн.

Бишкектин мектептеринин кире беришине атайын фильтр орнотулат

Бишкектин мектептеринин кире беришине атайын фильтр орнотулат. Мугалимдер жана окуучулардын дене табы күн сайын текшерилет. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын адиси Чынара Исакова билдирди.   Анын айтымында, маалымат күн сайын атайын журналга катталып, статистика жүргүзүлөт. Мектептерде беткап режими сакталып, балдар улам антисептик колдонуп турушу керек.… Кененирээк…

Кыргызстанда жөлөк пулдарды жогорулатууга 450 миллион сомдон ашык керектелет

Кыргызстанда жөлөк пулдарды жогорулатууга 450 миллион сомдон ашык керектелет.   Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 1-октябрдан тарта майыптыгы бар балдардын пособиеси 50 пайызга көбөйтүлөт.   Ал эми 2022-жылдын январь айынан баштап жөлөк пул 100 пайыз жогорулатылат. Бул максатта 3 миллиард сомдон ашык талап кылынат. Каржылоо… Кененирээк…

Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт

Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Анын айтымында, эки жыл мурда уран менен торийди казууга тыюу салынган. Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Уран менен торийди казууда коопсуздук… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 275 орундуу мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 275 орундуу мектеп ачылды. Турмуш басылмасынын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси Беш-Бала айылында жайгашат. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 48 миллион сом багытталды. Белгилеп кетсек, буга чейин балдар бир кабаттан турган авариялык абалдагы мектептен билим алып келишкен. Учурда Сузак районунда 11 мектеп… Кененирээк…

Уран жана торий кендерин казууга уруксат берилбейт

Уран жана торий кендерин казууга уруксат берилбейт. Ал эми талкууга коюлган мыйзам долбоорундагы уран жана торий боюнча пункт алынып салынышы мүмкүн, — дешти Энергетика жана өнөр жай министрлигинен. Министрлик бул боюнча эки негиздеме берген. Биринчисинде 2019-жылы кабыл алынган мыйзам күчүндө. Экинчиде талкуудагы документте уран кенин… Кененирээк…

Apple жаңы смартфонун тартуулады

Apple жаңы смартфонун тартуулады. Алар iPhone 13 Pro Max, iPhone 13 Pro, iPhone 13 жана iPhone 13 Mini. Смартфондун тышкы көрүнүшү мурдагы iPhone 12ден бир аз айырмаланат. Алсак, экрандын айланасы бир аз кичирейген, атайын чип орнотулган жана камерасы үч линзалуу. Ал ошондой эле кинематографиялык съемкаларды… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Турмуш басылмасы билдиргендей, 150 орундуу билим берүү мекемеси Карасаев айылында жайгашат. Имарат 2 кабаттуу жана анда окуу корпусу, класстар, спорт залы бар. Курулуш иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттин эсебинен 49 миллион сом бөлүнүп берилди.

Бишкектеги мектептер жаңы окуу жылына даяр

Бишкектеги мектептер жаңы окуу жылына даяр. Калаа бийлигинин маалыматына ылайык, атайын түзүлгөн комиссия ар бир мектепте медициналык бөлүмдүн бар жогун жана анда дарыгерлер, медайымдар иштеп жатканын текшерди. Андан тышкары, ордо калаа мектептеринде 7 миңден ашык мугалим эмгектенсе, алардын 60 пайызы эмдөөдөн өттү. Ошондой эле ар… Кененирээк…

Америкалык түгөйлөр 17 барактан турган мамиле келишимин түзүштү

Америкалык түгөйлөр 17 барактан турган мамиле келишимин түзүштү. Анын биринчи барагында чынчылдык, бири-бирин түшүнүү, ачык болуу, өнөктөштүк, ниеттердин тактыгы жазылган. Ошондой эле анда бири-бирине көңүл бурбай коюуга жана башка достор тууралуу иштерге кийлигишүүгө тыюу салынат. Ал эми кызга тиешелүү бөлүмдөгү талаптар, жигити аптасына 5 жолу… Кененирээк…