Түркмөнстанда аракечтер, сойкулук менен алектенгендер жана мигранттар пахта чогултууга жиберилди

Түркмөнстанда аракечтер, сойкулук менен алектенгендер жана мигранттар пахта чогултууга жиберилди. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, полиция мындай аракеттерди “катаны оңдоо боюнча эмгектенүү жумушу” деп атады. Ошондой эле укук коргоочулар белгилешкендей, бул жоопко тартуунун бир эле ыкмасы.

Кыргызстандын Гуанчжоу жана Дубайдагы башкы консулдары алмашты

Кыргызстандын Гуанчжоу жана Дубайдагы башкы консулдары алмашты. Президент аппаратынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Эми Гуанчжоу шаарында башкы консул кызматын Хомен Эргешов аткарса, Дубайдагы орунга Тимур Абдижалил бекитилди.

Мектептердин ачылышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыздайт

Мектептердин ачылышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыздайт. Novosti.kgге жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып чоң жолдун боюнча жайгашкан мектептерде атайын аймактык бекитилген милиционерлер иштейт. Алар ар бир мектепте сабактардын башталышы жана аякташына карата окуучуларды жолдон коопсуз өткөрүп, башталгыч класстын… Кененирээк…

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиосу мамлекеттик тил күнүнө карата дүйнөлүк рекорд орнотот

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиосу мамлекеттик тил күнүнө карата дүйнөлүк рекорд орнотот. Ди-джейлер 62 саат бою укташпайт, эс алышпайт. Рекорд 22-сентябрь, эртең мененки саат 8де башталып, 24-сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат. Рекорд коюу учурунда студияга коноктор, ар багыттагы рекордчулар келет. Муну менен катар… Кененирээк…

Жалал-Абад облусундагы өзгөчө үлпөт той жергиликтүү тургундарды таң калтырды

Жалал-Абад облусундагы өзгөчө үлпөт той жергиликтүү тургундарды таң калтырды. Салтанат Шамалды-Сай айылында өттү. 29 жаштагы Нарынбек Салмоорбеков колуктусун алып кетүү үчүн 10 фурадан турган кортеж менен барды. Ал 8-классынан бери атасы менен бирге оор жүк ташуучу унааларды айдайт. Кийин чоң унааны фурага алмаштырган, учурда ал… Кененирээк…

Бишкекте жаңы №27-автобустук каттам пайда болот

Бишкекте жаңы №27-автобустук каттам пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, кыймылдын жаңы схемасы шаардыктардын кайрылуусунан улам иштелип чыкты. Автобустар Жаманбаев – Байтик Баатыр – “Совмин” шаарчасынын жээги менен Орто-Сай айылына чейин жүрөт. Сунуш милициянын кайгуул кызматы менен макулдашылгандан кийин коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн линияга чыга… Кененирээк…

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы КМШ оюндарында 4-орунду ээледи

Футзал боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы КМШ оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы эсепте 4-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Оюн 4-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өттү. Алгач тайпалык этапта Беларустун курама командасы менен кез келип, ага 0:2 эсебинде… Кененирээк…

Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган туннель пайда болот

Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган туннель пайда болот. Аны менен катар туннелге барчу жолдун эки тарабы дагы жасалат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.  Маалыматка караганда, анын узундугу 460 метрди түзөт. Курулушка 39 миллион доллар керектелет, каражатты Япония гранттык… Кененирээк…

Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрда ачылат

Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрда ачылат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кийинки дүйшөмбүдөн тартып бөбөктөр бакчаларга тайпаларга бөлүнбөстөн кабыл алынат. Бишкек райондорунун башчыларына жана билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки даярдоо мекемелерин азык-түлүк менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Мэриядан эскертишкендей, ата-энелер балдары өздөрүн начар сезсе бакчага алып барбашы керек,… Кененирээк…

Бүгүн, Кыргызстан боюнча мектептерде жаңы окуу жылы башталат

Бүгүн, Кыргызстан боюнча мектептерде жаңы окуу жылы башталат. Алгач, бардык мектептерде ачык абада салтанаттуу линейка өтөт. Андан кийин ачык сааттар уюштурулат. Ал эми мектеп формасы тууралуу айта турган болсок, окуучулар үстүнө ак, астына кара шым же юбка кийсе жарайт. Эгер мурдагы бирдиктүү формасы бар болсо… Кененирээк…