Кыргызстанда персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттик пайда болду

Кыргызстанда персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттик пайда болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын администрациясынан билдиришкендей, түзүм министрлер кабинетинин алкагында иш алып барат.

 

Агенттик персоналдык маалыматтардын коопсуздугун камсыздайт жана башка бир катар функцияларды аткарат.

 

Ал кандай функциялар экени азырынча такталбайт.