Бишкектин эки конушунда таза суу жок болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин
«Ак-Босого-1» жана «Ак-Босого-2» конуштарында суу өчүрүлөт.
Убактылуу чектөө суу дарбазасында жана суу түтүктөрүнүн
тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу.