Жогорку Кеңешти шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталды.
БШКнын маалыматына ылайык, бир мандаттуу округдарда 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу
катталды. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 3 миллион 699 миң 46 жаран добуш бере алат.
Эске салсак, парламент депутаттарын шайлоо 28-ноябрда аралаш системада өтөт.
Бул ирет 36 депутат бир мандаттуу округдан келсе, 54ү партиялык тизмеден тандалат.