Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Ысык-Көл» альтернативалык унаа жолунун курулушун колдойт

Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Ысык-Көл» альтернативалык унаа жолунун курулушун колдойт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен банктын

Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору менен жолугушууда белгилүү болду.

Анда долбоордун техникалык, каржы, экономикалык маселелери талкууланды. Эске салсак,

Кыргызстан жана Казакстан «Алматы-Чолпон-Ата» трассасын куруу боюнча алгачкы ирет

2015-жылы макулдашкан. Анда эки өлкө ортосунда 250 чакырым жол салынары айтылган.