Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында кар жаап, жолдор тайгак болгондуктан, коопсуздук максатында ушундай чечим кабыл алынды.

 

Тилкелерди кардан тазалоо үчүн бардык зарыл атайын техника тартылды.

 

Чектөөлөр аба-ырайы турукташканга чейин күчүндө болот.