Республикада көмүрдүн орточо баасы бир айда 15  пайызга кымбаттады

Республикада көмүрдүн орточо баасы бир айда 15  пайызга кымбаттады. Октябрга салыштырмалуу, 11-ноябрда кара отундун бир тоннасынын наркы 5 миң 943 сомго жетти.

 

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети берди. Учурда көмүр эң кымбат Ноокатта – 10 миң сом. Эң арзан Чаек айылында, бул жерде тургундар кара отунду 3 миң сомго сатып ала алат. Октябрга салыштырмалуу баалардын кескин өсүшү Кербенде катталды, дээрлик 1 миң 150 сомго, Бишкекте 1 мин сомго.