Боршайком автоматтык эсептөө урналарынын БШКнын сайтындагы алдын ала маалыматын жаңылады

Боршайком автоматтык эсептөө урналарынын БШКнын сайтындагы алдын ала маалыматын жаңылады. Парламентке алдын ала 6 партия өтөт. Бирок бардык партиялардын алган добуштарынын суммасы

100 пайыздын ордуна 89 пайызды түздү. Буга чейин БШКнын сайтынын иши үзгүлтүккө учурап,

проценттин суммасы 150дөн ашкан. Мындан кийин маалыматтар өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат

боюнча «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним»,  «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана

«Ыйман Нуру» партиялары өтөт. Белгилеп кетсек, автоматтык эсептөө урналарынын эсептөөсү

боюнча жыйынтык алдын ала деп эсептелет. Акыркы жыйынт ык кол менен саноодон кийин чыгат.