Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр жана
Каракол-Эңилчек унаа жолдоруна кар көчкү түшүшү күтүлөт. Жолдор
тайгак болуп муз тоңот. Андан улам айдоочуларга этият болуу
сунушталат. Унаалар ортосундагы аралык сакталышы зарыл.