Барына каршы добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт

Барына каршы добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт.

Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында,

шайлоо мыйзамына ылайык, эгер бир мандаттуу округдардагы шайлоодо

“баарына каршы” графасы алдыга чыгып кетсе, анда бир ай аралыгында

кайра шайлоо дайындалышы керек. Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала

жыйынтыгы боюнча, Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округундагы

№27, №29 участокторунда “баарына каршы” графасы озуп кеткен.