Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасы менен эмделет

Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасы менен эмделет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ноябрда

калкты максималдуу түрдө эмдөөгө жетишүү үчүн жаңы категория киргизилген.

Алар 16-18 жаш аралыгындагы өспүрүмдөр, кош бойлуулар жана бала эмизгендер.

Өнөкөт илдети барлар жана улгайгандар менен дайыма байланышта болгон,

ошондой эле өзүнүн да ден соолугу начар балдар биринчи кезекте вакцина

алышы керек. Эске салсак, өлкөгө октябрда Американын

Pfizer вакцинасынын 250 миң дозасы келген.