Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп колдонууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп колдонууга берилди. 275 окуучуга чакталган объект Чукур Кыштак айылында жайгашат. Мектепте билим берүү үчүн бардык шарттар каралып, ашкана, конференц-зал жана машыгуу жайы каралган.   Курулуш иштерине каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.

Ошто 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү

Ошто 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү. Ага түштүк калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар чакырылды.   Майрамдык концертте жомоктор сахналаштырылып, атайын даярдалган ыр-бийлер көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

“Түндүкэлектр” керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат

“Түндүкэлектр” керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Бөлүштүрүүчү компаниядан такташкандай, сарамжалдуу колдонуу сунушу аварияларды алдын алуу жана электр жабдууларынын иштен чыгуусун алдын алуу үчүн берилет.   Буга чейин “Электр станциялары” компаниясынан билдиришкендей, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көломү кескин азайып, бүгүнкү күндө  10,5 миллиард кубометрге жетти.… Кененирээк…

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн электр энергиясы үчүн тариф төмөндөтүлдү

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн электр энергиясы үчүн тариф төмөндөтүлдү.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, кеп, ай сайын “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып жаткандар тууралуу болуп жатат.   Атайын бекитилген тариф – 1 киловатт-саатка 50 тыйын. Эгер бир айда 700 киловатт-сааттан ашык колдонулса, анда тариф 2 сом… Кененирээк…

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Министрлер кабинетине 2 айдын ичинде шаардын аталышын өзгөртүү суроосун карап чыгып, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу тапшырмасы берилди.   Парламентке өз кезегинде бул документти кезексиз тартипте… Кененирээк…

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, өткөн аптада Биринчи май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узарткан эмес. Мындай чечим быйыл декабрда күчүнө кирген… Кененирээк…

 Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Санкт-Петербургга учат

Өлкө башчы Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Жапаров КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин формалдуу эмес жолугушуусуна катышат. Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын… Кененирээк…

Караколдо курулуп жаткан ПЦР-лаборатория жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет

Караколдо курулуп жаткан ПЦР-лаборатория жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Райондор аралык санэпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришкендей, учурда иштер 95 пайызга аткарылды. Жаңы лабораторияда иштөө үчүн 3 вирусолог атайын окутуудан өттү. Курулушка дээрлик 15 миллион сом багытталды. Эми 4 миллион сомго медициналык жабдуулар сатып алынат.

Ошто туман болуп, аба каттамдар кармалууда

«Ош» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 27-декабрында саат 08:00дөн тарта коюу туман байкалууда. «Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришкендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Алсак, Бишкектеги кошумча аэродромго 2 учак конду – Москвадан «Аэрофлот» жана Челябинскден «Уральские авиалинии». Ошондой… Кененирээк…

Кыргызстанда жол кырсыктары 22 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда быйылкы жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыга салыштырганда 22 пайызга көп. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязалиев 25-декабрда өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди. Расмий маалыматтарда быйыл жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганы айтылат. Министр… Кененирээк…