«Ош» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 27-декабрында саат
08:00дөн тарта коюу туман байкалууда.
«Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришкендей,
аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп
кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.
Алсак, Бишкектеги кошумча аэродромго 2 учак конду – Москвадан
«Аэрофлот» жана Челябинскден «Уральские авиалинии».
Ошондой эле ички каттамдары да кармалууда.
Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош»
аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
«Манас» — 0 312 693109 жана «Ош» — 0 3222 90101.