Ошто 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү. Ага түштүк калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар чакырылды.
Майрамдык концертте жомоктор сахналаштырылып, атайын даярдалган ыр-бийлер көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.