Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетине 2 айдын ичинде шаардын аталышын өзгөртүү суроосун карап чыгып, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу тапшырмасы берилди.
Парламентке өз кезегинде бул документти кезексиз тартипте кароо сунушталды.