Россияда күнкараманын жана кант кызылчасынын түшүмү өстү

Россияда күнкараманын жана кант кызылчасынын түшүмү өстү. Росстаттын маалыматына караганда, быйыл күнкараманын жыйымы 15,5 миллион тоннага жетти. Бул былтыркыга салыштырмалуу 17 пайызга көп. Ал эми кант кызылчасынын түшүмү 39 миллион тоннага жакындады. Көрсөткүч 2020-жылдан 14 пайызга жогору. Белгилеп кетсек, түшүмдүн көбөйүшү өсүмдүк майынын жана кумшкердин… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иш тартиби өзгөрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иш тартиби өзгөрдү. Чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп, «Ак тилек», «Чалдыбар», «Ак жол», «Чоң-Капка» жана “Каркыра” посттору тууралуу болуп жатат. Аталган пункттарда Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө чектөө коюлду. Бирок коңшу өлкөнүн аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандыктар түйүндөр… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы 5 миллион доза вакцина бар

Кыргызстанда коронавируска каршы 5 миллион доза вакцина бар. Ал 2, 3 жылга чейин жетет, — деп билдирди саламаттыякты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, учурда өлкөдө вакцинанын 7 түрү бар. Алардын натыйжалуулугу дагы ар башка. Андан улам, эмдөөдөн өткөн жаран алгачкы вакцинациянын курсунан толук өткөндөн… Кененирээк…

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери жанданды

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери жанданды. Бул тууралуу Novosti.kgге «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн кара отун Бишкек ЖЭБине ташылып баштады, ал эми көмүр кампаларына эртең жеткирилип баштайт. Эске салсак, буга чейин карьерди тазалоо иштерине жана көмүр казыла турчу жаңы жерлерди чалгындоого байланыштуу… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул ишемби жумуш күнү болот

Кыргызстанда ушул ишемби жумуш күнү болот. Министрлер кабинетинин чечими менен буга чейин жаңы жылдагы иш күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, жумасына беш күндүк график боюнча иштегендер  1-9-январда эс алышты.   Мындан улам, 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат.   Андан тышкары, 26-февраль жана… Кененирээк…

Кытайда унаалар өтүүчү суу астындагы эң узун туннель ачылды

Кытайда унаалар өтүүчү суу астындагы эң узун туннель ачылды.   Объект ТайхУ көлү аркылуу өтүп, үч жогорку ылдамдыктагы автомагистралды туташтырат. Туннелдин  узундугу 11 чакырым, ал эми туурасы 17 метрден ашат.   Курулушка миллиард доллар жана эки миллион кубометрден көп бетон колдонулган. Бул ишти аягына чыгарууга… Кененирээк…

Президенттик аппараттын чыгымдары эки эсе көбөйгөн

  Каржы министрлигинен маалым болгондой, президенттик администрациянын 2021-жылга бюджети 334,5 миллион сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 100,5 пайызга көп чыгымдалды.   Каражаттын 167 миллион сомго көбөйүшү республиканын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы функционалдык жана структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу болгон.  

Кыргызстанда “омикрон” штаммы аныктала элек

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, бүгүнкү күндө жаңы штамм үчүн ооруканалар жана лабораториялар толук даярдыкта.   Алсак, республикада жаңы технологиялар менен эки вирусологиялык лаборатория ачылды.   Мындан тышкары, дагы 8 лаборатория ачуу пландалууда. Министр белгилегендей, “омикрон” штаммын жуктурган учурлардын 70-75 пайызы кадимки сасык тумоого… Кененирээк…

Казакстандан келген жарандарды кабыл алууга кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерине чатырлар тигилди

Казакстандан келген жарандарды кабыл алууга кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерине чатырлар тигилди.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.   Белгилүү болгондой, ведомство «Ак жол», «Ак тилек», «Кен-Булуң», «Токмок» өткөрмө түйүндөрүнө 10 орундуу төрт чатыр тикти. Ал эми Бишкек мэриясы «Манас» эл аралык… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги абал туруктуу

Бул тууралуу Novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   Белгилүү болгондой, учурда эки өлкөдөгү дээрлик бардык өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.   Ал эми Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге өтүүсүнө чектөө азырынча алына элек. Ушул тапта чек арада жарандардын… Кененирээк…