Баткенде жоокер каза тапты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан 707-аскер бөлүгүндө 20 жаштагы катардагы жоокер жанындагы шеригин кокустан атып алды.
Жабырлануучу ооруканада алган жараатынан улам көз жумду. Учурда окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенүүдө.