Көчмө дартты аныктоочу комплекс ушул айда Балыкчыга барат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, адистер ноябрдан бери
Чүй облусунун Кемин жана башка райондорундагы жашоочуларды акысыз кабыл
алышты. Жалпысынан 6 миңден ашык жаранга кызмат көрсөтүлдү. Эске салсак,
көчмө клиникада дарыгерлердин кабинети, анализдерди жүргүзүү үчүн лаборатория,
компьютердик томография, операциялык блок жана башкаруу борбору бар.