Кыргызстандын аймактарын ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда. Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, учурда учактар Ош, Баткен жана Исфанага каттайт. Келечекте Бишкекке кирбестен, аба каттамдар менен аймактарды бирин-бири менен байланыштыруу пландалууда.
Бул максатта бийлик бир нече авиа компанияларды түзүү ниетинде.