Бир жылда 63 килограммга арыктаган индиялык студент ийгилик сырлары менен бөлүштү

Бир жылда 63 килограммга арыктаган индиялык студент ийгилик сырлары менен бөлүштү. 22 жаштагы Малай Пандеянын салмагы 137 килограммга жеткенде, ал арыктоо чечимин кабыл алган.   Буга чейин ал куурулган тамак-ашты, таттууларды жеп диванда жатканды жактырган болсо, эми ал туура тамактанууга өтүп, күн сайын чуркап баштаган.… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү 1 саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү 1 саатка кыска болот. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленип, эс алуу жарыяланат, ал эми майрамдык күндүн алдында иш убактысы кыскарат.   Белгилеп кетсек, келе жаткан ишемби, 26-февралда кыргызстандыктар жумушка чыгат. Анын ордуна 5-январда эс алуу болгон.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азаюуда. “Электр станциялардын” маалыматына ылайык, учурга карата өлкөнүн башкы резервуарында 8 миллиард 339 миллион кубометр суу бар.   Бул эң аз көрсөткүч болуп эсептелет. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу, бул 1 миллиард 558 миллион кубометрге аз. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.   Жер титирөө Алай районунун Иркештам айылында 3 балл, Нура айылында 2,5 баллга сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек.   Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө. Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.

Кыргызстандык 4 спортчу дүйнөнүн 25 жашка чейинки эң мыкты балбандары рейтингине кирди

Кыргызстандык 4 спортчу дүйнөнүн 25 жашка чейинки эң мыкты балбандары рейтингине кирди.   Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөш сайтында жазылат. Ага ылайык, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова алтынчы орунда жайгашты. Олимпиадада күмүш медалды багындырган Акжол Махмудов 7-позицияда.… Кененирээк…

Баткен облусунда 80 социалдык объектинин курулушуна жана оңдоо иштерине 1,5 миллиард сом багытталат

Баткен облусунда 80 социалдык объектинин курулушуна жана оңдоо иштерине 1,5 миллиард сом багытталат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.   Курула турган объектилердин тизмесинде мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, ирригациялык курулуштар жана коргоо объектилери дагы бар.   Каражат ушул жылы бөлүнүп, иштер башталат,… Кененирээк…

БШК шайлоо бюллетендерин Биринчи май жана Свердлов округдарына жеткирди

БШК шайлоо бюллетендерин Биринчи май жана Свердлов округдарына жеткирди. Комиссиядан билдиришкендей, жалпысынан кайра шайлоого 200 миңден ашык бюллетень даярдалды.   Ар биринде чүчү кулактын негизинде аныкталган тартип менен талапкерлердин аты-жөнү көрсөтүлгөн. Эске салсак, ордо калаанын эки округунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо ушул жекшембиде өтөт.

Словения тургуну 2 мышыгына модалуу кийим алып берүү үчүн 3 миң евро, же 300 миң сом сарптады

Словения тургуну 2 мышыгына модалуу кийим алып берүү үчүн 3 миң евро, же 300 миң сом сарптады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Кочевье шаарынын 34 жаштагы тургуну Андрея Вршчай 3 жылдан бери мышыктарына саркеч гардероб түзүп келет.   Ал үчүн ал дизайнерлик көйнөктөрдү, юбкаларды жана… Кененирээк…

Ак-Талаа районунда жаңы мектеп ачылды

Ак-Талаа районунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Ак-Кыя айылындагы буга чейинки орто мектептин эскилиги жеткендиктен, 2017-жылы жаңы корпустун курулушу башталган. Бул максатта республикалык бюджеттен 67 миллион сом бөлүнгөн.   Мектеп 275 окуучуга чакталат. Орто билим берүү… Кененирээк…