Мартта кыргызстандыктар кошумча 2 күн эс алат. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 8-март — Аялдардын эл аралык күнү шейшембиге туш келет. Ал эми Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туура келип, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.
Ошол эле учурда 26-март, ишемби, иш күн. Себеби 26-марттын эсебинен 6-январь эс алуу күнү деп жарыяланган.