Баткенде апрель айындагы чек ара жаңжалында элден 123 миллион сом чогулду

Баткенде апрель айындагы чек ара жаңжалында элден 123 миллион сом чогулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

 

Анын айтымында, каражатты бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, куралдуу кагылышта жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү үчүн курулуш компанияларына 90 миллион сом которулду.

 

Ал эми жараат алгандарга 3 миллион сом, жабыркаган айылдардан балдарды эс алууга жөнөтүүгө 229 миң сом багытталган. Учурда атайын эсепте 28 миллион сом бар. Эске салсак, өткөн жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, 36 кыргызстандык каза тапты. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.