Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет

Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет.

 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн аймакта өткөн өкмөттүн көчмө жыйынында жарыялады.

 

Ал кошумчалагандай, былтыркы жылдан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акысы 70 пайызга жогорулады.

 

Ал эми быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын аскер кызматкерлеринин маяналары 70 пайызга көтөрүлдү.