“Ишкердикти өнүктүрүү фондунун” уставдык капиталы 117 миллион сомго чейин көбөйтүлөт

“Ишкердикти өнүктүрүү фондунун” уставдык капиталы 117 миллион сомго чейин көбөйтүлөт. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, ачык акционердик коомдун негизги милдеттерине жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана… Кененирээк…

Украинадагы кыргызстандыктар Польша аркылуу акыркы жолу акысыз келе алышат

Украинадагы кыргызстандыктар Польша аркылуу акыркы жолу акысыз келе алышат. Бул тууралуу аталган мамлекеттеги биздин өлкөнүн элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. 16- мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга чейин жогорулатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди жана дүйнөлүк экономикадагы учурдагы тенденцияларды эске алуу менен өлкөдөгү инфляциялык процесстерди төмөндөтүү максатында, баалардын кескин өсүшүн токтотуу үчүн кабыл алынды. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда Россияга киргизилген санкциялардан… Кененирээк…

АКШда эң чоң үй 141 миллион долларга сатылды

АКШда эң чоң үй 141 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. The One аталышындагы турак-жай Лос-Анжелестин абройлуу районунда жайгашкан.   Үйдө 21 уктоочу бөлмө жана 49 ванна бөлмөсү бар. Анын жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, дүйнөдөгү эң чоң турак-жай деп… Кененирээк…

Унаалардагы бөтөн жазуулар үчүн айдоочуларга 5,5 миң сомдук айып салынат

Унаалардагы бөтөн жазуулар үчүн айдоочуларга 5,5 миң сомдук айып салынат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Бишкектин кайгуул милиция башкармалыгынын басма-сөз катчысы Байгазы Айткул уулу билдирди.   Анын айтымында, мындай аракеттерге Кыргыз Республикасынын тартип бузуулар жөнүндө кодекси менен тыюу салынган. Эске салсак, социалдык тармактарда Бишкекте “Z” жазуусу… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө  учурунда санитардык талаптардын акталышы боюнча көзөмөл жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөө  учурунда санитардык талаптардын акталышы боюнча көзөмөл жүргүзүлөт. Алар тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Абитуриент тестке келип жаткан учурда жанында өзүнүн маскасы болушу керек. Кошумча масканы дагы алып жүрүү зарыл. Ар бир тест… Кененирээк…

Свердлов округунда шайлоо кайрадан дайындалабы жокпу, азырынча белгисиз

Свердлов округунда шайлоо кайрадан дайындалабы жокпу, азырынча белгисиз. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Ал түшүндүргөндөй, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Абдурахманхаджи Муртазалиев сотко кайрылуу ниетинде.   Демек, соттун жыйынтыгын күтүү керек. Андан кийин гана тиешелүү чечим чыгарылат, — деди Бекматов.  … Кененирээк…

Менчик бала бакчалардын баары текшерилет

Кыргызстандын аймагындагы менчик бала бакчалардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу 9-мартта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, текшерүү тууралуу чечим кабыл алууга Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушундагы менчик бала бакчалардын бириндеги окуя түрткү болду.   “Бул окуяга байланыштуу министрлик тийиштүү мамлекеттик органдар менен… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, трасса жүк ташуучу унааларга жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, трасса жүк ташуучу унааларга жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан Novosti.kgге билдиришкендей, бүгүн таңкы саат 5 жарымда Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында көлөмү 12 миң кубометрге барабар кар көчкү түштү.   Жолчулар тынбай иштеп, учурда кыймыл жеңил унааларга ачылды.… Кененирээк…