“Аэрофлот” Россиядан Кыргызстанга каттамдарын кийинки жумадан тарта жандантат

“Аэрофлот” Россиядан Кыргызстанга каттамдарын кийинки жумадан тарта жандантат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Унаа жана жолдор министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.

 

Анын айтымында, ошондой эле, Россия менен темир жол аркылуу жүргүнчү ташуу каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Пандемия учурунда темир жол каттам токтотулган болчу. Казакстан макулдугун расмий түрдө берди, ал эми Россия менен макулдашуулар дээрлик аягына чыгып калды, — деди чиновник.