Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кар көчкү түшкөндүктөн, жабылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кар көчкү түшкөндүктөн, жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кечээ трассанын 71-75-чакырымдарына көлөмү 39 миң кубометрден ашкан кар көчкү түштү. Жабыркагандар жок. Жол тазалангандан кийин трасса кыймылга ачылат.