Ысык-Көлдө желимди кайра иштетүүчү ишканалар курулат.
Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.
Анын айтымында мындай ишкана Жети-Өгүз районунун Саруу айылында ачылат.
Бул үчүн жабдулар Беларустан келет.
Кийинки ишкана Чолпон-Атада же Балыкчыда, ошондой эле Түп районунда жайгашат.