Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Горький көчөсү менен кесилиши кеңейтилет

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Горький көчөсү менен кесилиши кеңейтилет. Мэриянын маалыматына ылайык, унаа кыймылына кошумча тилке ошондой эле Байтик Баатыр – Масалиев көчөлөр кесилишинде пайда болот.   Муниципалитеттен белгилешкендей, мындай иштер тыгындарды азайтууга багытталат.

Техасстын мектебинде өзгөчө бүтүрүү кечеси өтөт

Техасстын мектебинде өзгөчө бүтүрүү кечеси өтөт. Аттестат алууга сахнага үч эм жана 35 жуп эгиздер чыгат. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, бул дүйнө боюнча бир туугандар бирге окуган эң чоң класс болуп саналат.   Бир гана эгиздерден чогулган бүтүрүү классына аттестаттар майдын аягында берилет.

Баткен облусунун Кулунду жана Максат айылдарынын талааларын чегиртке каптады

Баткен облусунун Кулунду жана Максат айылдарынын талааларын чегиртке каптады. 1 миң гектарга жакын арпа жана буудай талааларына коркунуч жаралды. Бүгүнтөн тарта Өсүмдүктөрдү химиялык коргоо жана карантин департаментинин жергиликтүү башкармалыгынын адистери чегирткени жок кылуу иштерин жүргүзөт.   Бул максатта химиялык заттар жана атайын техника жетиштүү көлөмдө… Кененирээк…

Улуттук банк коммерциялык банктарга кредиттер боюнча туум кошууга убактылуу тыюу салды

Улуттук банк коммерциялык банктарга кредиттер боюнча туум кошууга убактылуу тыюу салды. Мындай чечим банк кардарларына тышкы экономикалык шоктун кесепетин жөнгө салуу максатында кабыл алынды.   Тыюу коммерциялык банктарга жана каржылык-кредиттик уюмдарга тиешелүү.

Пекинде COVID-19 илдетине каршы чаралар күчөтүлдү

Пекинде COVID-19 илдетине каршы чаралар күчөтүлдү. 22 миллион жашоочусу бар шаар тургундарына үйлөрүнөн иштөө көрсөтмөсү берилди, бир катар кан жолдор, парктар, турак жай комплекстери жабылды, айрым автобус каттамдары токтоп турат.   Муну менен бирге бийлик тест тапшырууну күчүнө киргизди. Дүйшөмбүдө Кытай башкалаасында коронавирустун өлкө ичинде… Кененирээк…

Жогорку лигада «Сары Өзөн» жеңүүчү болду

9-май Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы жеңүүчү болду.   Баткен облусунун Халмион айылында өткөн финалдык беттеште чүйлүктөр Таластын “Ынтымак” командасы менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 10 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай,… Кененирээк…

Туринде Eurovision ыр сынагы башталды

Италиянын Турин шаарында 8-майда Eurovision ыр жарышы башталды. 66-фестивалды өткөрүү укугуна былтыркы жеңүүчү катары Италия ээ болгон. Быйылкы фавориттер арасында букмекерлер украиналык “Калуш Оркестранын” “Стефания” деген ырын аташууда.   Украина буга чейин фестивалды эки ирет жеңген.   Орусия быйыл кошуна өлкөгө басып киргендиги үчүн музыкалык… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Логвиненко, Коллекторная, Колхозная, Кулиев көчөлөрүндө, Алтын-Казык, Ак-Босого конуштарында жана Арашан, Чуңкурчак, Татыр, Кашка-Суу, Ленинское, Новопавловка айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

“Өлбөс полк” акциясына Бишкекте 15 миңден ашык адам катышты

“Өлбөс полк” акциясына Бишкекте 15 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу Novosti.kgге ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Жүрүш салт болуп калгандай эле, Дайыр Асанов атындагы парктан башталды.   Катышуучулар Байтик Баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып келди. Акциянын алкагында коомдук коопсуздукту 3 миң… Кененирээк…

Ордо калаада ысык сууну өчүрүү күнү ушул жумада аныкталат

Ордо калаада ысык сууну өчүрүү күнү ушул жумада аныкталат. Бизге муниципалитеттен билдиришкендей, мэр адистер менен кеңешме өткөргөндөн кийин так датаны белгилейт.   Азырынча болжолдуу түрдө 16-майда ысык суу берүү токтотулат деп айтылууда. Белгилеп кетсек, жыл сайын жаздын үчүнчү айында Бишкекте ысык суу 1 айга өчүрүлөт.… Кененирээк…