Кыргызстанда 1-июндан тарта жарандардын айрым категориясы үчүн социалдык төлөмдөр жогорулатылат

Кыргызстанда 1-июндан тарта жарандардын айрым категориясы үчүн социалдык төлөмдөр жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Алсак, эми “үй-бүлөгө көмөк” төлөмү, 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандардын пособиеси жана  баатыр-энелерге, карыларга бериле турчу атайын төлөмдөр көбөйтүлөт.   Кошулган сумма 300 сомдон 3 миң сомго чейин… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарында 3 эс алуу багы курулат

Бишкектин жаңы конуштарында 3 эс алуу багы курулат. “Бишкек башкы архитектуранын” маалыматына ылайык, эки сквер Ак-Босого конушунда, дагы бири Мурас-Ордо конушунда пайда болот.   Аларда футбол талаалары, спорт, балдар, ворк-аут аянтчалары,  атайын кийинип-чечинүүчү жай жана башка зарыл нерселер каралды.

Окуучулар быйыл жылдагыдан айырмаланып, 8-июнга чейин окушат

Окуучулар быйыл жылдагыдан айырмаланып, 8-июнга чейин окушат. Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, андан кийин мамлекеттик экзамендер башталып, алар 1-июлга чейин созулат.   9-классты аяктаган окуучуларга орто билим жөнүндө күбөлүктөр 11-июлда берилсе,  11-класстын бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын 15-июлда алышат. Кийинки окуу жылы качан башталат, азырынча белгисиз. Ведомство учурда базистик… Кененирээк…

Кыргызстандын туристтик жолдорунда 68 тейлөөчү борбор курулат

Кыргызстандын туристтик жолдорунда 68 тейлөөчү борбор курулат. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, анын 15и Бишкек – Ысык-Көл трассасынын боюнда пайда болот.   Борборлордон туристтер керектүү маалымат алып, суусундуктарды сатып ала алышат. Долбоор ушул жылдын аягына чейин ишке ашырылат деп пландалууда.  … Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун 1 миң милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун 1 миң милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, өзгөчө көңүл жол кыймылына бөлүнүп, ыкчам-тергөө тобунун, көчмө топтордун иши күчөтүлөт.   Андан тышкары, туристтик милицияга пляж аймагында кайгуул жүргүзүү үчүн 2 скутер берилди.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстан жарандары Россия аймагына чек ара аркылуу кире алат

Бүгүнтөн тарта Кыргызстан жарандары Россия аймагына чек ара аркылуу кире алат.   Бул тууралуу министрлер кабинетинен эскертишти. Белгилеп кетсек, аталган өлкө эпидемиологиялык абал жакшыргандыктан, 16-майдан тарта чек араларын ачты.   Эми кыргызстандыктар унаа менен Россия аймагына кире алат. Эске салсак, пандемия башталгандан бери Россияга бир… Кененирээк…

Елизавета IIнин образында чыгарылган Барбилер үч секундда сатылып кетти

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин образында чыгарылган Барби куурчактары үч секундда сатылып кетти. Куурчактарды быйыл белгиленүүчү Елизавета IIнин тактыга отурганынын 70 жылдыгына карата америкалык компания чыгарган. Барбилер ханышадан такыр айырмаланбай жасалып, баасы 115 долларды түздү. Бирок канча канча куурчак сатыкка чыкканы тууралуу маалымат жок.

Жыл башынан бери керектөө баалары 7.1%га кымбаттады

Ушул жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары 7.1%га өстү. Эң көп жаңы чыккан жашылчалардын баасы жогорулаган (30%). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти. Тамак-аш азыктарынын жана алкоголдуу ичимдиктердин, ошондой эле алкоголсуз суусундуктардын жана тамекинин баасы 9.8%га, азык-түлүк эмес товарлар 4.2%га, калкка… Кененирээк…

Бишкекте мектептерди капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте мектептерди оңдоп-түзөө иштери уланууда, анын ичинде эки имаратты бекемдөө иштери жүрүүдө. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 360 орунга эсептелген №76 орто мектепте 1-2-кабаттарды демонтаждоо иштери аяктап, ички дубалдарын бетондоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган №10 орто мектепте ички дубалдарын торкеттештирүү жана… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянты убактылуу жабылды

Бишкектин Ала-Тоо аянты убактылуу жабылды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, чектөөлөр жолдун бөлүгүн оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди. Ага ылайык, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы 23-майга чейин жабылды. Мындан улам, айдоочулар алдын ала альтернативдүү жолду тандап алышы керек.