Бишкектин Ала-Тоо аянты убактылуу жабылды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, чектөөлөр жолдун бөлүгүн оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
Ага ылайык, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы 23-майга чейин жабылды.
Мындан улам, айдоочулар алдын ала альтернативдүү жолду тандап алышы керек.