Жыл башынан бери керектөө баалары 7.1%га кымбаттады

Ушул жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары 7.1%га өстү.

Эң көп жаңы чыккан жашылчалардын баасы жогорулаган (30%).

Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Тамак-аш азыктарынын жана алкоголдуу ичимдиктердин, ошондой эле алкоголсуз суусундуктардын жана тамекинин баасы 9.8%га, азык-түлүк эмес товарлар 4.2%га, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 2.4%га өскөнү байкалды.

Жаңы чыккан жашылчалардын баалары (+29.8%), кант (+22.9%), сүт азыктары (+16.5%), ун (+14.9%), сыр (+11.8%), ошондой эле макарон жана башка дан азыктарынын баалары жогорулаган.

Республика боюнча бардык жерде баалар кымбаттаган.

Бирок башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (8.2%) Нарын облусунда катталган.

Статком мунун себебин башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (17.8%га) менен түшүндүрдү.

Жылдык инфляция (2022-жылдын апрелинен 2021-жылдын апрелине чейин) 14.5%ды түздү.