Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызуу даярдыктарды баштады

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызуу даярдыктарды баштады. Белгилеп кетсек, гидроэлектростанция Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясында курулат.   Долбоорго ылайык, станция жылына 5 миллиард киловатт электр энергиясын иштеп чыгат. Плотинанын бийиктиги 256 метрди түзүп, анда 5 миллиард кубометр сууну топтосо болот.   Даярдык иштер 2 жылга созулат.… Кененирээк…

Тамчы аэропорту туристтик каттамдарды кабыл алып баштайт

Тамчы аэропорту туристтик каттамдарды кабыл алып баштайт. Россиялык авиакомпаниялардын бири 16-июндан тарта Ысык-Көлгө туруктуу рейстерин ачат.   Маалыматка ылайык, Москва-Тамчы аба каттамы жумасына 2 ирет, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документтин максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билимдеринин, иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо. Буга чейин акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөн.

Өлкөдө доллар кайрадан арзандап баштады

Өлкөдө доллар кайрадан арзандап баштады.   Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар америкалык валютаны 81 сомдон сатып алып, кайра 82 сомго сатышууда.   Ал эми Улуттук банктын расмий курсу – 79 сом 50 тыйын. Доллар өткөн  жумада кымбаттап – 84 сомго… Кененирээк…

Кыргызстанда “Социалдык келишим” пилоттук долбоору ийгиликтүү иштеп жатат

Кыргызстанда “Социалдык келишим” пилоттук долбоору ийгиликтүү иштеп жатат.   Novosti.kgге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, анын алкагында Кадамжай жана Жумгал райондорунда 50дөн үй-бүлө тандалып алынып, ар бирине 100 миң сомдон берилген. Шарт боюнча каражатты алар чакан жеке ишкерликке багытташы керек болчу.  … Кененирээк…

Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу сунушталды

Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу сунушталды. Мындай демилге Жогорку Кеңештин бугункү жыйынында айтылды. «Биз муфтиятка башка жерден ага тете участок сунуштай алабыз. Ал эми азыркы жерге мектеп курууга болот. Бул аймакта эл абдан жыш жайгашкан. Борбордук мечиттин жанында жайгашкан мектепте окуучулардын саны арбын. Жума… Кененирээк…

Бишкек-Үрүмчү аба каттамы 21-июндан тарта жанданат

Бишкек-Үрүмчү аба каттамы 21-июндан тарта жанданат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен такташкандай, каттам шейшемби күндөрү аткарылат. Эске салсак, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданарын билдирген. Кошумчаласак, жогорудагы туруктуу каттам коронавирус пандемиясынан улам токтоткон.

Кыргызстанда 1-июнду эс алуу күнү деп жарыялоо сунушталды

Кыргызстанда 1-июнду эс алуу күнү деп жарыялоо сунушталды. Бул тууралуу демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. «Бизде саясий майрамдар көп, бирок үй-бүлөлүк майрамдар аз. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, 1-июнду эс алуу күнү деп жарыялоо зарыл”, — деп айтылат маалыматта. Демилгечи мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууга даяр экенин… Кененирээк…

Шанхайда карантиндин жоюлушу массалык майрамдар менен тосуп алынды

Шанхайда 2 айга созулган карантиндин жоюлушун салют жана массалык майрамдар менен тосуп алышты. Бул түнү миллиондогон шаар тургуну такыр уктаган жок. Көчөдө музыка жаңырып, унаалар бири-бирине сигнал берип, фейерверк атышты. Миңдеген жарандар кафе, дүкөндөргө чуркап келишти. Бирок элдин эң массалык агымы азыр чач тарачтарда. Эске… Кененирээк…

Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешине депутат болду

Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, кечээ, 1-июнда Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу өттү. “Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын… Кененирээк…