Шанхайда карантиндин жоюлушу массалык майрамдар менен тосуп алынды

Шанхайда 2 айга созулган карантиндин жоюлушун салют жана массалык майрамдар менен тосуп алышты.

Бул түнү миллиондогон шаар тургуну такыр уктаган жок.

Көчөдө музыка жаңырып, унаалар бири-бирине сигнал берип, фейерверк атышты.

Миңдеген жарандар кафе, дүкөндөргө чуркап келишти.

Бирок элдин эң массалык агымы азыр чач тарачтарда.

Эске салсак, ковидден улам бийлик кескин чараларды көрүп, жарандарга үйлөрүнөн чыгууга катуу тыюу салган.

Эки ай бою тургундар тамак-ашка, медициналык тейлөөгө жете албаган учурлар да болгон.