Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу сунушталды

Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу сунушталды.

Мындай демилге Жогорку Кеңештин бугункү жыйынында айтылды.

«Биз муфтиятка башка жерден ага тете участок сунуштай алабыз.

Ал эми азыркы жерге мектеп курууга болот.

Бул аймакта эл абдан жыш жайгашкан.

Борбордук мечиттин жанында жайгашкан мектепте окуучулардын саны арбын.

Жума күндөрү унаа тыгындары шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Мечиттин ордуна заманбап мектеп куруп алсак болот”, — деп айтылат маалымтта.