Кыргызстанда “Социалдык келишим” пилоттук долбоору ийгиликтүү иштеп жатат.
Novosti.kgге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, анын алкагында Кадамжай жана Жумгал райондорунда 50дөн үй-бүлө тандалып алынып, ар бирине 100 миң сомдон берилген. Шарт боюнча каражатты алар чакан жеке ишкерликке багытташы керек болчу.
Бул үчүн алар атайын бизнес-план иштеп чыккан. Базарбаев белгилегендей, “социалдык келишим” менен каражат алган үй-бүлөлөр жакырчылыктан жана пособие алчулардын тизмесинен чыгып баштады.