Өлкөдө доллар кайрадан арзандап баштады

Өлкөдө доллар кайрадан арзандап баштады.

 

Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар америкалык валютаны 81 сомдон сатып алып, кайра 82 сомго сатышууда.

 

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу – 79 сом 50 тыйын. Доллар өткөн  жумада кымбаттап – 84 сомго жеткен. Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу  доллар сатып, кайра сатып алууда.  Эске салсак, өлкөдө валюта Украинадагы согуштук аракеттер башталгандан бери серпилүүдө.