Бишкек-Үрүмчү аба каттамы 21-июндан тарта жанданат.
Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен такташкандай, каттам шейшемби күндөрү аткарылат.
Эске салсак, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданарын билдирген.
Кошумчаласак, жогорудагы туруктуу каттам коронавирус пандемиясынан улам токтоткон.