Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна катталуу үчүн абитуриенттерде 3 күн калды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна катталуу үчүн абитуриенттерде 3 күн калды. Каттоо 23-июнга чейин жүргүзүлөт.   Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тесттин өзү 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.   Белгилеп кетсек, кеч тестке Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабына… Кененирээк…

Минск шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

20-21-июнь күндөрү Беларус баш калаасы Минскиде Кыргызстандын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн (ЕАЭБ), байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат. Күн тартибинде электрондук соода, бажы… Кененирээк…

Бишкекте күрөш боюнча кадеттер арасындагы Азия чемпионаты старт алды

Бишкекте күрөш боюнча кадеттер (U-17) арасындагы Азия чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жазылды.   Мелдешке грек-рим күрөшү боюнча балбандар катышууда. Анда 51 килограммга чейинки салмакта чыккан Кубаныч Арынов Казакстандын балбаны Раун Бекимовго жеңилип, 2-орунду ээледи. Ал эми 55 килограмм салмакта чыккан Абдуллахадхожа Абдуллахожаев коло байге үчүн болгон… Кененирээк…

Токтогул сууга толууда

Токтогул сууга толууда. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, учурга карата башкы гидроэлектронстанцияда суунун көлөмү 11,5 миллиард кубометрден ашты.   Суунун орточо келүүсү 996 кубометр болсо, чыгышы – 357 кубометр. Буга карабай, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда. Адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууну сунуштайт.

Акыркы жумада республикада 19 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Акыркы жумада республикада 19 миң жол эрежесин бузуу аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алардын басымдуусу ылдамдыкты ашыруу, документтери жок унаа башкаруу, жол белгилерине баш ийбөө, мас абалында рулга отуруу фактылары.   Жыйынтыгында унаа токтотуучу жайга 900 транспорт каражаты токтотулду.   Айдоочуларга жол… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси 51 миллион доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки 11-каржылык операция. Анын 5и америкалык валютаны сатып алуу боюнча жасалса, калган учурларда Улуттук банк эл аралык валюта рыногунан долларды сатып алган.   Учурда доллардын расмий курсу… Кененирээк…

Өлкөдө эттин баасы инфляция жана спекуляцияларга байланыштуу

Өлкөдө эттин баасы инфляция жана спекуляцияларга байланыштуу. Жеткирүүчүлөр жана сатуучулар жасалма ажиотаж жаратууда, — деп билдирди Айыл-чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков.   Ал белгилегендей, эт коңшу Өзбекстанга сатылып, биздин өлкөдө азыктын жетишсиздиги катталууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Эске салсак, өткөн жумада… Кененирээк…

Тайланд 1-июлдан тарта туристтер үчүн жаңы эрежелерди киргизүүдө

Тайланд 1-июлдан тарта туристтер үчүн жаңы эрежелерди киргизүүдө. Эми аталган өлкө аймагына келген саякатчылар Thailand Pass документин албай эле койсо болот.   Ошондой эле эшикте маска тагынуу талабы жокко чыгарылды. Кафе-ресторандар эми түнкү 2ге чейин иштей берсе болот. Бирок ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын же вакцинация сертификатын… Кененирээк…

Бюджет кызматкерлери ипотекалык насыяны жылдык 4 пайыз менен ала алат

Бюджет кызматкерлери ипотекалык насыяны жылдык 4 пайыз менен ала алат. Ал эми калган категориядагы жарандарга турак-жай алууга кредит 8 пайыз менен жеткиликтүү.   Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди. Анын айтымында, медицина, билим берүү, коргоо жана маданият тармактарында эмгектенгендер насыяны… Кененирээк…

Грузияда уникалдуу айнек көпүрө ачылды

Грузияда уникалдуу айнек көпүрө ачылды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Дашбаши каньонундагы көпүрөнүн узундугу 240 метрди түзөт. Конструкция бекем болуп, 300 тоннага чейин көтөрө алат.   Андыктан, туристтер эч кооптонбой эле, көпүрөнүн ортосундагы кафеден тамактана да алышат. Баса, аталган кафе бийиктикте жайгашкандыгы үчүн Гиннес рекорддор китебине… Кененирээк…