Баткенде селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 18-июнда Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, турак-жайлардын короо-жайын суу каптады.
Жалпысынан, 41 үй жабыркаган. Учурда министрликтин кызматкерлери тазалоо жүргүзүүдө. Селден улам шаарга өзгөчө кырдаал жарыяланды.