47 миң кыргызстандык жаран Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды

47 миң кыргызстандык жаран Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей,  бул май айындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

 

Кайрадан Россия аймагына кирүүгө уруксат алган кыргызстандыктар “анча маанилүү эмес” административдик жоруктары үчүн расмий Москва тарабынан “кара тизмеге” киргизилген.

 

Белгилеп кетсек, мекендештер  өздөрүнүн макамын Россиянын Ички иштер министрлигине караштуу миграция башкармалыгынын сайтынан текшере алат.