Нарында желектер илинип, инсталляция коюлду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Нарын шаарынын түштүк тарабындагы тоонун этегине орнотулган флагштокторго мамлекеттик туу, Манастын көк асабасы жана Нарын облусунун желеги илинди.
Инсталляцияда “Нарыным — алтын бешигим” деп жазылып турат.
Демилге Нарын облустук жаштар кеңеши менен Торугарт — Бишкек каттамы боюнча эмгектенген айдоочулар жамааты тарабынан ишке ашты.