Мирзиёев Каракалпакстанга өзгөчө абал режимин киргизди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башаламандыктардан кийин 3-июлдан баштап 2-августка чейин Каракалпакстан автономиясынын аймагында өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Шерзод Асадов билдиргенин Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.
Коменданттык 21:00дөн 07:00гө чейин киргизилген.
Өзгөч абал режимине ылайык, Каракалпакстанга киргенге жана аймактан чыкканга болбойт, массалык иш-чаралардын бардыгына тыюу салынды. Президенттин жарлыгы боюнча, режимди сактоого Коргоо министрлигинин күчү жана каражаты тартылат. Ошондой эле коомдук тартипти, объектилерди жана инфраструктураны коргоо күчөтүлөт. Мындан тышкары, бийлик автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизип, жарандардын документтери текшерилет.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген референдум өткөрүүнү сунуштаган. Буга чейин ал 2022-жылдын декабрына карата Конституцияны жаңылоо демилгеси менен чыккан. Июндун соңунда мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу палатасы биринчи окууда колдогондон кийин жалпы элдик талкууга коюш үчүн текстин жарыялашкан.
Парламенттин чечиминен улам долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
1992-жылы кабыл алынган Өзбекстандын азыркы Конституциясы 128 беренеден турат жана ага 15 жолу өзгөртүү киргизилген.
Өзбекстандын ИИМи билдиргендей, жума күнү Нукуста конституциялык реформаларды туура эмес түшүнүп алган айрым жарандар пландалбаган митинг өткөрүшкөн. Кийин алар «Дехкан» базарынын аймагына топтолушкан. Мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн тартип сакчылар тийиштүү чара көрүшкөн. Натыйжада абал турукташып, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми кечээ Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.