Курман айтта айт намаз Эски аянтта окулат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. 9-июлда таңкы саат 4төн 8ге чейин борбордук көчөлөр кыймылга жабылат.
Айт намаз дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан башталып, андан кийин жалпылап намаз окулат. Эске салсак, 2 жылдан бери коронавирус пандемиясынан улам аянтта Айт намаз окууга тыюу салынып келген. Массалык сыйынууга 2-майда гана Орозо айтка карата уруксат берилди.