Башкы прокурор менен ИИМ жетекчиси 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен министрге жер-жерлерге чыгып, элден укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерден кабар алуу тапшырмасын койгон.
«Президент Жапаров өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапары менен чыгып жергиликтүү тургундар менен жолугушкан кезде бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт. Дал ошол себептен мамлекет башчыбыз башкы прокурор менен ички иштер министрине жер-жерлерди кыдыруу тапшырмасын койду», — деди ал.
Зулушев менен Ниязбеков алгач Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.
«Адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандардын жакындары да чогулушка келип, маселелерин жеринде жеткире алышат», — деди Султанбаев.