Кыргызстан менен Россия толук түрдө рубль менен эсептешүүгө өттү

Кыргызстан менен Россия толук түрдө рубль менен эсептешүүгө өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Чиновниктин айтымында, Россия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валюта – орустардын рубли болуп жатат.… Кененирээк…

Лейлекте мал сарайда жашынып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Баткендин Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөнүн 37 жаштагы Н.А., аттуу жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы Б.И., аттуу тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөн.… Кененирээк…

Ош: «Бакыт үйүнүн» имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери 90%га аяктады

Ошто шаардык комиссия «Бакыт үйүнүн» имаратын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө ремонттун сапатына жана ишти аяктоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Учурда «Бакыт үйүнүн» айланасын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын ички көрүнүшүн оңдоо жүргүзүлүүдө. Белгиленгендей, жумуш 90%га… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннель мезгил-мезгили менен жабылууда

Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель мезгил-мезгили менен жабылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кусеин Көлбаев атындагы туннель унаалардын бардык түрүнө таңкы саат 4төн 6га, күндүз 10дон 12ге жана түшкү саат 2ден 4кө чейин эки тараптуу жабылып жатат. Ведомство жүргүнчүлөрдү жолго чыгарда тамак-аш жана суу камдап… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алуу иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алуу иштери уланууда. Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан такташкандай, бул жолу жумуш Чүй жана Манас проспектиси менен Ош базарында жүргүзүлдү. Жалпысынан 53 көрнөк-жарнак демонтаждалды. Ошондой эле, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, ишкерлер тарабынан ыктыярдуу түрдө 18 көрнөк такталар алынды, — деп айтылат маалыматта.

Президент Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.… Кененирээк…

Брэд Питт «Октон да тез» тасмасынын бет ачарына адаттан тыш кийим менен барды

Голливуд жылдызы Брэд Питт «Октон да тез» тасмасынын бет ачарына адаттан тыш кийим менен барды. Боевик жанрындагы кинонун премьерасы мурунку түнү Берлинде өттү. Дүйнө жүзү боюнча прокатка 14-июлда чыккан тасма бир эле ылдам жүрүүчү поездге түшкөн беш профессионал киллердин окуясын баяндайт. Башкы ролдордун биринин аткаруучусу… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда социалдык комплекстин курулушу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Түрк-Абад айылында социалдык комплекстин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Novosti.kgге район акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди. Маалыматка ылайык, комплекс мектеп, тигүү цехин жана ФАПты камтыйт. Объект жергиликтүү бюджет жана коомдук бирикменин каражатына курулуп жатат.

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 10 ири өндүрүш объектиси ачылуу стадиясында турат. Белгилеп кетсек, АКШнын Эл аралык институту быйыл июнь айында жарыялаган сурамжылоого ылайык,… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-августтан тарта 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-августтан тарта 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт. Финансы министри Алмаз Бакетаев ишендиргендей, ал үчүн бюджеттен 7-8 миллиард сом бөлүнөт. Мындан тышкары, октябрь айынан баштап пенсиянын көлөмү 50 пайызга жогорулайт. Министр ошондой эле быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында чыгашалардын көлөмү 54 миллиард сомго көбөйүү менен дээрлик… Кененирээк…