Баткендин Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөнүн 37 жаштагы Н.А., аттуу жараны аныкталып, кармалды.
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы Б.И., аттуу тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөн.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы Б.И.нын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.