Брэд Питт «Октон да тез» тасмасынын бет ачарына адаттан тыш кийим менен барды

Голливуд жылдызы Брэд Питт «Октон да тез» тасмасынын бет ачарына адаттан тыш кийим менен барды.

Боевик жанрындагы кинонун премьерасы мурунку түнү Берлинде өттү.

Дүйнө жүзү боюнча прокатка 14-июлда чыккан тасма бир эле ылдам жүрүүчү поездге түшкөн беш профессионал киллердин окуясын баяндайт.

Башкы ролдордун биринин аткаруучусу Брэд Питт кызыл килемдин чыныгы жылдызына айланды.

Актёр кечеге күрөң юбка, үстүнө ага окшош жакет жана зыгыр буласынан тигилген рубашка кийип келди.

Образ кара түстөгү армияга кийчү бут кийим менен толукталды.