Модернизацияланган люкс вагон Бишкек–Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат

Модернизацияланган люкс вагон Бишкек–Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 51 орундуу вагон 22-июлдан тарта эки күн сайын кадимки каттамга чыгат. Жол жүрүү акысы 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 250 сом, андан жогору курактагы жүргүнчүлөргө 500 сомду… Кененирээк…

Майлуу-Суудагы электр лампа заводуна бюджеттен 1 млрд сом бөлүнөт

Майлуу-Суудагы электр лампа заводуна бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, ишкана мамлекеттин менчигине өткөн. Азыр анда эки миңге жакын адам иштейт. Белгиленгендей, каражат бөлүү чечими ишкананы модернизациялоого жана жумуш орундарын көбөйтүүгө байланыштуу… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын ден соолугун чыңдоого Швейцария 5 млн доллардан ашык акча бөлөт

Кыргызстан калкынын ден соолугун чыңдоого Швейцария 5 миллион доллардан ашык акча бөлөт. Каражат жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана башкаруу боюнча долбоордун алкагында берилет. Аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү төрт жылды түзөт. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын, ошондой эле Ош… Кененирээк…

Санэпидем дээрлик 28 млн сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алат

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти дээрлик 28 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Белгиленгендей, 81 миң доза өлкөгө 15-сентябрга чейин жеткирилиши керек.

“Манас айылын” реконструкциялоонун эскизине жарыяланган ачык сынактын жыйынтыгы чыкты

Бишкектеги “Манас айылын” реконструкциялоонун эскизине жарыяланган ачык сынактын жыйынтыгы чыкты. “Бишкекбашкыархитектура” башкармалыгы билдиргендей, сынакка жалпысынан 14 долбоор сунушталды. Калыстар тобунун чечими менен 1-2 жана 3-орунду алгандарга 1,5 миллион, 1 миллион жана 250 миң сомдон сыйлык тапшырылмай болду. Мыкты деп табылган долбоорлор эми курулуш жүргүзө турган… Кененирээк…

Бюджеттик мекемелерге көмүр сатып алууга керектүү 271 млн сомдун 11 миллиону гана бөлүндү

Быйыл бюджеттик мекемелерге көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270 миллион сомдон ашык каралса, учурда анын 11 миллион сому гана бөлүндү. Бул тууралуу Economist басылмасы Каржы министрлигине таянып жазды. Маалым болгондой, быйылкы жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жалпысынан 4 миллиард 500 миллион сомго… Кененирээк…

Баткен облусунда мал кармагандар азаюуда

Баткен облусунда мал кармагандар азаюуда. Мындан улам быйыл эт 80 тоннага аз өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, аймакта кой/эчкинин саны 14 миң 262 башка, жылкынын саны 783 башка кыскарган. Кошумчаласак, 2022-жылдын жарым жылдыгында республикадагы бардык категориядагы чарбалык субъектилерде 190 миң тоннадан ашык… Кененирээк…

Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды

Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды. Мунун себеби аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу экенин “Улуттук энергохолдингден” билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-июлга карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 34 миллион кВт-саатты түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 миллион кВт-сааттка көп. Кырдаалга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Таласта жергиликтүү тургундун үйүнөн 21 кг марихуана табылды

Талас шаарынын тургунунун үйүнөн 21 килограммдан ашык марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. “Канал-Невский щит” эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда жеке үйдүн сарайынан өзгөчө жытка ээ марихуана салынган 1,5 кап табылган. Ушул эле үйдүн… Кененирээк…

Мирлан Жакыпов «Кыргызкөмүр» ишканасына кайрадан жетекчи болду

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп кайрадан Мирлан Жакыпов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген. Андан кийин анын ордуна Элдияр Калдарбеков дайындалган. 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков кызматтан эмне себептен алынганы такталган жок.